Окуу жайда Кыргызстан Мусулмандарынын диний башкармалыгы белгилеп берген китептердин негизинде Куран, Хадис, Акыйда, Фикх, Араб тили, Сира жана башка шарият илимдеринен сабактар окутулат, мындан сырткары информатика, айдоочулук кубѳлүгү, Англис, Кыргыз тили, Кыргызыстан тарыхы сыяктуу кошумча предметтерда окутулат. Студенттер дени сак илим алуусу учун спорттук аянтчаларыда бар.
Медреседе Курани каримди бекем жаттоого ыӊгайлуу шарттар түзүлүп, Тахфиз (Куран жаттоо) бөлүмүда бар.
Келечекте чоң аалым болом деген илим талап кылуучулар үчүн Ханафий мазхабынын негизинде баштапкы мыкты мүмкүнчүлүктѳр бар.
Медреседе даярдоо курсун кошгондо 5 жыл окулат. Медресени бүтүргөн студенттерге Муфтият тарабынан тастыкталган (Имам жана мударрис) диплому тапшырылат. Мындан сырткары 3-жылдык (Тахфиз) курани каримди жаттоо курсын бүтгөн студенттер сертификат менен сыйланат.
Кабыл алуу документтери:
1. Күбѳлүк же паспорт көчүрмөсү 2. Аттестат же 9-кл күбѳлүк көчүрмөсү 3. Жашаган жеринен маалымкат (справка от тундук) 4. №86 Формадагы Мед аныктама 5. Сүрѳт 3х4 (4шт) 6. Ата-Энесинен ыраазычылык кат(үлгүсү медреседе берилет) жана паспорт копиялары 7. Каттоо үчүн 500сом акча