АБУ ХАНИФА АН-НУЪМАН ИБН САБИТ МЕДРЕСЕСИНИН ВЕБ САЙТЫНА КОШ КЕЛИӉИЗ!
0559 96 00 74 Ырысбек (Админ)
0552 607710 Юсуф (Вотсап)
АБУ ХАНИФА АН-НУЪМАН ИБН САБИТ МЕДРЕСЕСИНИН ВЕБ САЙТЫНА КОШ КЕЛИӉИЗ!
0559 96 00 74 Ырысбек (Админ)
0552 607710 Юсуф (Вотсап)
0559 96 00 74 Ырысбек (Админ)
0552 607710 Юсуф (Вотсап)
0559 96 00 74 Ырысбек (Админ)
0552 607710 Юсуф (Вотсап)








Абитуриент 2025-2026
Кыргыз Республикасынын Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Манас айыл аймагындагы Алим-Дөбө айылында жайгашкан, КМДБга (Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы) караштуу *“Абу Ханифа ан-Нуман ибн Сабит ал-Куфи”* атындагы медресе 2018-жылдан бери Ханафи мазхабы жана Матуриди акыйдасынын негизинде иш алып барат.
Окуу жайда Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы тарабынан бекитилген программанын негизинде Куран, Тафсир, Хадис, Акыйда, Фикх, Араб тили, Сира жана башка шарият илимдери окутулат. Мындан сырткары, студенттердин заманбап билим алуусу үчүн информатика, англис тили, кыргыз тили, Кыргызстан тарыхы сыяктуу предметтер жана айдоочулук күбөлүк алуу курстары каралган.
Студенттердин ден соолугун чыңдап, спорт менен машыгуусу үчүн атайын спорттук аянтчалар да бар.
Медреседе Курани Керимди толук жана бекем жаттоого бардык ыңгайлуу шарттар түзүлгөн Тахфиз (Куран жаттоо) бөлүмү иштейт. Келечекте дин аалымы болууну максат кылган илим талапкерлери үчүн Ханафи мазхабынын негизинде мыкты баштапкы мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн.
Окуу мөөнөтү жана диплом:
Жогорку Медреседе окуу мөөнөтү 4 жыл даярдоо курсу бир жылдан эки жыл. Окууну ийгиликтүү аяктаган студенттерге Муфтият тарабынан тастыкталган, "Имам жана мударрис" квалификациясы көрсөтүлгөн диплом берилет.
Курсту аяткаган студенттер үчүн сертификат, Ал эми 3 жылдык Тахфиз (Курани Каримди жаттоо) курсун бүтүргөн студенттерге диплом тапшырылат.
Кабыл алуу үчүн керектүү документтер:
1. Туулгандыгы тууралуу күбөлүк же паспорттун көчүрмөсү;
2. Аттестат же 10-11-классты окуп жаткандыгы тууралуу справка жана 9-классты бүткөндүгү тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү;
3. Жашаган жеринен маалымкат ("Түндүк" системасынан);
4. №086 түрүндөгү медициналык аныктама;
5. 3х4 өлчөмүндөгү сүрөт (4 даана);
6. Ата-энесинин макулдук каты (үлгүсү медреседе берилет) жана алардын паспортторунун көчүрмөлөрү;
7. Медресе мүдүрүнүн атына жазылган арыз;
8. Каттоо үчүн 500 сом.
2026-2027-окуу жылына кабыл алуу 1-июлдан БАШТАЛАТ!!!